Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Энергетика министри: Быйыл электр энергиясына болгон баа кымбаттабайт

14.07.2021 15:56
1069
Энергетика министри: Быйыл электр энергиясына болгон баа кымбаттабайт


Электр энергиясына болгон тариф быйыл кымбаттабайт. Мындай пикирин Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев “Азаттык” үналгысына берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, калкка электр энергиянын бир кВт/сааты азыркыдай эле 77 тыйындан сатылат. Андан тышкары тоолуу райондордо электр жарыгына киргизилген 700 кВт/саат чектөө жоюлат. Ал эми калган аймактардагы тургундар бир айда 700 кВт/сааттан ашык электр энергиясын колдонсо 2 сом 16 тыйындан төлөйт.


Министр буга чейин президент Садыр Жапаров менен электр энергиясына болгон тарифти талкуулагандан кийин  жогоркудай чечим кабыл алынган.


Президент келерки жылы айлыкты, пенсия, жөлөк пулду көбөйтмөйүнчө калкка электр энергиясынын тарифин көтөрбөйбүз деп айтты. Ошондуктан жаңы жылдан кийин айлык, пенсия, жөлөк пул көтөрүлгөн соң инфляциянын деңгээлине жараша апрель айынан кийин жаңы тарифтик саясатты киргизгенге аракет кылабыз”, - деди Бекмурзаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн