Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 16:13
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге 2 кылмыш иши козголду

Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге 2 кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын энергетика министри Д.Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


Атап айтканда, 2021-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын энергетика министри Д.Бекмурзаев, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы, тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркия Республикасына, Өзбекстан Республикасына жана Россия Федерациясына болгон чет өлкөлүк кызматтык иш сапарларына негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекетке олутуу материалдык зыян келтирилген. 


Мындан тышкары, министр Д.Бекмурзаев, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, “Теплые ключи” ден соолукту чындоо комплексинин объекттерин капиталдык оңдоодо "Б." ЖЧКга жалпысынан 15 млн. сомдон ашык зыян келтирилген.


Натыйжада, Кыргыз Республикасынын энергетика министри Д.Бекмурзаевдин кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекеттин жана жеке жактардын кызыкчылыктары одоно түрдө бузулуп, аларга ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн