Аяк оона 14, 2024
Убакыт: 11:34
USD
84.40
84.90
EUR
93.00
94.00
RUB
0.920
0.955

Энергетика министри ГЭСтерди реконструкциялоону убагында бүткөрүүнү тапшырды

22.08.2024 11:32
528
Энергетика министри ГЭСтерди реконструкциялоону убагында бүткөрүүнү тапшырды


Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтериндеги аткарылып жаткан иштерди текшерди.

Ведомстводон маалымдашкандай, ал алгач Тогтогул ГЭСнин 1-гироагрегатын реконструкциялоо ишинен кабар алып, модернизациялоонун 65 пайызы бүткөнүнө күбө болду. Анда тийиштүү жетекчилер аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, күз-кыш мезгилине чейин гидроагрегат 100% даяр болоорун билдиришти.

Белгиленгендей, 8-августка карата "Токтогул ГЭСинин №3 фазасын реабилитациялоо" масштабдуу долбоорунун алкагында маанилүү этап аяктады. Башкача айтканда, №1 ГА генераторунун ротору ийгиликтүү орнотулду. Ошондой эле жаңы кабелдик текчелер, дүүлүктүрүү, башкаруу, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө системаларынын панелдерин, түтүктөрдү жана муздатуу, өрт өчүрүү системаларын орнотуу иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, энергетика министри Үч-Коргон ГЭСинин 4-гидроагрегатынын реконструкциялоонун иштери жана күз-кыш мезгилине болгон даярдык боюнча жеринде маалымат алды. Мында ал убактылуу аккумуляторду, ротор статору чогултулуп жатканын, шахта турбинаны, авариялык майды жана сууну кургатуу иштерин, электр шкафынын орнотуу иштерин текшерди.

ГЭСтин башкы директору 4-ГАны модернизациялоо ишинин 55 пайызы бүткөрүлгөнүн, иш график боюнча так аткарылып жатканын билдирди.

Учурда ГЭСтин 4-ГАсын демонтаждоо жумуштары толугу менен аткарылып, жаңы гидроагрегатты чогултуу иштери жүрүп жатат. Генератордун статорунда чогултуу жумуштарынын 95 пайызы, ошондой эле генератордун муздатуу системасынын трубаларын монтаждоо иштери аяктап, генератордун башкаруу системасы орнотулду. Өздүк керектөөгө болгон генераторга тиешелүү калкандарды алмаштыруу иштери аяктады. План боюнча августтун аяктарында Т-2 башкы трансформатордун демантождоо иштери башталат.

Таалайбек Ибраев Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин жетекчилерине реконструкция болуп жаткан гидроагрегаттар график боюнча өз убагында бүтүшү керектигин эскертти.

"Мен эки күндөн бери ГЭСтердеги аткарылып жаткан иштерди толук текшердим. Жаман эмес, алгылыктуу жумуштар аткарылыптыр. Бирок ушул темп менен жумуштарды тездик менен бүткөрүү керек. Алдыды кыш мезгили жакындап келе жатат, ага даярдык жогорку деңгээлде болсун. Өзгөчө Токтогул менен Үч-Коргон ГЭСтеринин реконструкцияланып жаткан гидроагрегаттары убагында ишке берилсин", - деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн