Кулжа 26, 2024
Убакыт: 11:17
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Энергетика министри: Кышында электр энергиясы өчүрүлбөйт

15.09.2021 14:01
778
Энергетика министри: Кышында электр энергиясы өчүрүлбөйт



Жылытуу мезгилинде электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев энергетика тармагынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулаган тегерек столдо билдирди.


Белгилей кетсек, тегерек стол коомдук уюмдардын демилгеси менен уюштурулду. Иш-чарага энергетика тармагындагы эксперттер, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер катышты.


Энергетика жана өнөр жай министри калкты күз-кыш мезгилинде электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу жана авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу максатында бардык иштер жасалып жатканын белгиледи.


«Кышкысын кыргызстандыктарды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылынат. Анткени быйыл суунун аз болгондугуна байланыштуу Түркмөнстандан электр энергиясы экспорттолууда. Мындан тышкары кышка даярдык маселеси өз нугунда жүрүүдө. Авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу үчүн бардык энергетикалык объектилердин жабдуулары оңдоп-түздөөдөн өттү», - деди Доскул Бекмурзаев.


Муну менен катар министр энергетика тармагын экономикалык жана чарбалык көз караш менен каралышы керектигин белгиледи.


«Энергетика тармагындагы маселелерди чечүү калктын мойнуна жүктөлбөш керек. Бул энергетиктердин иши. Маселелерди чечүү багытында жумуштар жүрүүдө. Мындан тышкары энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн долбоорлорду ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Мындан тышкары чакан ГЭСтерди куруу боюнча иштер башталды. Буга Талас облусундагы Бала-Саруу кичи ГЭСине Президенттин катышуусунда капсула салынганы себеп», - деди Доскул Бекмурзаев.


Ошондой эле министр электр энергиясын кубаттуулугун бекемдөө боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.


Тегерек столдо көз карандысыз эксперттер, коомдук ишмерлер жана энергетика тармагындагы эксперттер калкка калк үчүн электр энергиясынын баасы 77 тыйындан калышын, чакан ГЭСтердин курулушун колдой тургандыктарын билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн