Тогуздун айы 08, 2025
Убакыт: 09:57
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.060
1.080

Энергетика министри Сүлүктүдөгү мектептин курулушуна инвестор тартты

07.10.2025 16:23
187
Энергетика министри Сүлүктүдөгү мектептин курулушуна инвестор тартты


Энергетика министри Таалайбек Ибраев Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 250 окуучуга ылайыкталган И.Бектемиров атындагы жаңы мектептин курулушуна капсула салуу аземине онлайн форматта катышты.


Ведомстводон билдиришкендей, 2024-жылы энергетика министри Таалайбек Ибраев күз-кыш мезгилине даярдыкты текшерүү үчүн Сүлүктү шаарына иш сапар менен барганда, мектептин окутуучулары менен жолугушкан. Анда мектеп директору азыркы мектеп эскилиги жетип, жараксыз абалга келгенин, окуучулар жаңы мектепке муктаж экенин билдирген. 


Мындан улам министр инвесторлор менен сүйлөшүү жүргүзүп, көмүр тармагында кызматташуунун алкагында Сүлүктүгө жаңы мектеп куруу сунушун киргизген. 


Инвестор энергетика министринин сунушун кабыл алып, 2024-жылдын 29-июлунда Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» ачык акционердик коому менен “У Линь Групп” ЖЧКсынын ортосунда келишим түзүлгөн. 


Белгиленгендей, аталган долбоор инвестор — тоо-кен казып алуу компаниясы “У Линь Групп” ЖЧКсынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоор жалпы наркы 165 000 000сомду түзөт. Ал эми мектепти куруу иштерин аяктоо мөөнөтү 2026-жылдын биринчи кварталына пландалууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн