Бугу 17, 2024
Убакыт: 05:25
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Энергетика министри Токтогул ГЭСиндеги реконструкциялоо иштери менен таанышты

14.03.2024 12:57
89
Энергетика министри Токтогул ГЭСиндеги реконструкциялоо иштери менен таанышты


Энергетика министри Таалайбек Ибраев Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин реконструкция иштери менен жеринде таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Министр аткарылып жаткан иштерге күбө болуп, 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине өз убагында кирүү үчүн ГЭСтердеги гидроагрегаттарды реконструкциялоо иштерин өз убагында бүткөрүүнү тапшырды.

Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСте реконструкция иштеринин аткарылышы:

  • объекттин машина залында турбиналык вал менен суу-барасын жупташтыруу;
  • ГА-1 муздатуу системасынын түтүктөрүн 707-713м деңгээлде демонтаждоо, монтаждоо жана ширетүү;
  • генератордун роторунун спицинде ширетүү жана жылмалоо иштери жана майдалоочу жерлерди сырдоо;
  • генератордун үстүнкү валына дүүлүктүрүүчү ток өткөргүч шиналарды коюу үчүн кронштейндер чогултулуууда;
  • түтүктөрдү орнотуу үчүн бетонду демонтаждоо;
  • эски төмөнкү басымдагы кысылган аба системасынын түтүктөрү демонтаждоо;
  • күч трансформаторунун өткөргүч линиялары жана генераторду ажыратуучу жайдын деңгээлинде демонтаждоо;
  • 718.00-724.00 м деңгээлинде дүүлүктүрүү тутумунун панелдери жана дүүлүктүрүү тутумунун өткөрүүчү шиналары демонтаждоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн