Бугу 05, 2024
Убакыт: 20:02
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Энергетика министри армениялык компания менен кызматташуу меморандумуна кол койду

21.09.2023 14:32
308
Энергетика министри армениялык компания менен кызматташуу меморандумуна кол койду


Бүгүн, 21-сентябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев менен армениялык "Ташир" компаниялар тобунун биринчи вице-президенти Карен Дарбиняндын ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

Ведомстводон билдиришкендей, меморандум Кыргызстандын аймагында чакан ГЭСтердин, күн электр станцияларынын технологияларын колдонуу менен электр энергиясын генерациялоо, бөлүштүрүүчү тармактар үчүн электр тармактык жабдууларды өндүрүү жана электр энергетикасы чөйрөсүндө консультациялык-башкаруу кызматтарын көрсөтүү жаатында кызматташууга багытталган.

Министр Таалайбек Ибраев Меморандум Кыргызстанда күн жана гидроэлектрстанцияларын курууда жана эксплуатациялоодо заманбап технологияларды киргизүү, ошондой эле генерацияны өнүктүрүү жаатында тыгыз кызматташууга негиз болот деп ишеним билдирди.

Кол коюу аземинин жүрүшүндө тараптар пикир алмашып, эки өлкө ортосундагы электр энергетикасы тармагындагы маселелердин кеңири спектри боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Маалымат үчүн: "Ташир" компаниялар Тобу — Армениядагы эң ири диверсификацияланган өнөр жай-курулуш топторунун бири, анын курамына экономиканын жана энергетиканын ар кандай тармактарында иштеген 200гө жакын компаниялар жана ишканалар кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн