Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 15:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Энергетика министри быйыл айрым керектөөлөр үчүн тариф кайрадан караларын билдирди

26.01.2022 17:10
652
Энергетика министри быйыл айрым керектөөлөр үчүн тариф кайрадан караларын билдирди

Кышкы жылытуу мезгили өткөндөн кийин керектөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн электр жарыгына болгон тарифтерди кайра карап чыгуу пландаштырылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.


Анын айтымында, буга чейин президент катардагы жарандардын пенсиясынын өлчөмү жана маянасы көтөрүлмөйүнчө тарифтерди көтөрбөшү керектигин тапшырган.


“Учурда алтынды бөлүп чыгаруучу фабрикалар, металл эритүүчү цехтер жана майниг-фермалар бир киловатт үчүн 5 сом 40 тыйындан төлөшөт. Энергетика системасын колдоо максатында министрлер кабинетинин башчысы бюджеттик уюмдар үчүн тарифтерди 3 сом 40 тыйынга чейин көтөрдү”, - деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн