Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 22:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Энергетика министри электр энергиясына болгон тарифти 32 тыйынга көтөрүүнү сунуштады

15.06.2021 17:24
2008
Энергетика министри электр энергиясына болгон тарифти 32 тыйынга көтөрүүнү сунуштады


Орто мөөнөттүү тариф саясаты иштелип чыкты, ал элдин коомдук талкуусуна жарыяланат, деп билдирди Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча ЖК комитетинин отурумунда.


Анын айтымында, бул тарифтик саясат мурунку сунушталгандан айырмаланат. Калк үчүн бирдиктүү тариф болот, бөлүнүү болбойт.


"Бүгүнкү күндө калк үчүн 1 сом 9 тыйындык тариф сунушталууда, бөлүнүү болбойт, башкача айтканда тарифти 32 тыйынга көтөрүү сунушталууда", - деди министр.


"Бийик тоолуу райондордун жашоочулары үчүн кышында дагы, жайында дагы эч кандай чектөө жок. Жалпы калк үчүн кыш мезгилинде гана 1000 кВт саатка чектөө коюлат. Бул кышында суунун аздыгынан байланыштуу болуп саналат. Калган бөлүгүнө - алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү, цемент, металл эритүү, кен казуу менен алектенгендер үчүн тариф 5 сом 4 тыйынга чейин көтөрүлөт", - деп билдирди Бекмурзаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн