Энергетика министри Доскул Бекмурзаев эмне үчүн айрым жерлерде маал-маалы менен электр энергиясын өчүрүүлөр болуп жатканын түшүндүрдү. Бул тууралуу ал жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, азыркы өчүрүүлөр күз-кыз мезгилине даярдык.
"Биз азыр айрым трансформаторлорду, электр чубалгыларын оңдоп, жаңылабасак кышта андан кыйын болуп калат. Ошондуктан светти өчүрүүгө туура келет. Электр энергиясын өчүрбөй туруп иштөө мүмкүн эмес. Ошондуктан жарандарга биз ЖМК аркылуу алдын ала эскертүү берип жатабыз",- деди Бекмурзаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн