Бугу 17, 2024
Убакыт: 00:15
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Энергетика министри ыкчам штаб менен жыйын өткөрдү

02.02.2024 15:05
217
Энергетика министри ыкчам штаб менен жыйын өткөрдү


Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаалга байланыштуу түзүлгөн штабдын мүчөлөрү менен ыкчам жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында авариялык абалды тез арада калыбына келтирүү үчүн керектүү чараларды көрүү жана кырдаалдын келип чыгуу себептерин аныктоо маселеси талкууланды.

Министр алгач отун цехинин ачылып калган жерлерин жабуу, кошумча кызматтык күч тартуу, кошумча от казандарды ишке киргизүү, жылуулук температурасын сактап калуу, кабылына келтирүүдөгү керектүү жабдууларга акча каражатын чечүү боюнча тапшырма койду.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн