Кулжа 29, 2024
Убакыт: 06:25
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Энергетика министри көмөк чордондорун текшерди

30.01.2023 09:07
202
Энергетика министри көмөк чордондорун текшерди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 29-январда, Чүй электр тармактар ишканасынын "Кемин", "Быстровка" жана "БГЭС" көмөкчордондорунун күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүсү үчүн учурдагы иштөө абалын текшерди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда бардык көмөкчордондордун ыкчам бригадасы жумуш ордунда экендигине, кампаларда авариялык запас бар экендигине күбө болду.


Мындан тышкары, министр калкты күз- кыш мезгилинде жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн авариялык өчүрүүгө жол бербөө максатында алдын алуу иштерин жүргүзүп туруу зарыл экенин эскертип, тиешелүү адистерге тапшырма берди.


"Министрдин тапшырмасы менен энергетиктер эс алуусуз, кезметтешүү менен 24 саат бою иштөөдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн