Бугу 15, 2024
Убакыт: 08:32
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Энергетика министри жарыкты өчүрүү качан токтой турганын айтты

06.03.2024 14:23
253
Энергетика министри жарыкты өчүрүү качан токтой турганын айтты


Энергетика министри Таалайбек Ибраев 10-марттан кийин жарыкты атайын өчүрүү токтой турганын билдирди.


Анын айтымында, кийинки жумадан тарта күн 15-16 градус жылый баштайт, демек, мында керектөө азайып, чектөө киргизилбей калат.


"Кудай буюрса, күн жылып кетсе электр энергиясын жөнгө салуу чаралары өзүнөн өзү токтойт. Бүгүнкү күндө ички керектөө 67 млн. киловатт-сааттын тегерегинде болуп жатат", — деди министр.


Ал 5-марттан тарта атайын өчүрүү башталганын эскертти. Анда депутат Дастан Бекешев элди кабардар кылуу үчүн өчүрүүнүн графигин соцтармакка да жарыялоону талап кылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн