Эркин Тавашаров жана Байзак Азизбеков Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басарлары кызматына дайындалышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров кол койду.
Эскерте кетсек, Б.А. Азизбеков Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары, Э.К. Тавашаров – “Электр станциялары” ААК башкы директору кызматтарын ээлешкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн