Кулжа 29, 2024
Убакыт: 06:13
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Энергетика министрлиги Дөң-Арык айылында телефонист токко урунуп каза болгонун билдирди

Энергетика министрлиги Дөң-Арык айылында телефонист токко урунуп каза болгонун билдирди


Чүй облусунун Дөң-Арык айылында телефонист токко урунуп каза болду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 31-майда саат 15:12де Чүй РЭСине жергиликтүү тургундар телекомдун жыгач мамысында адам илинип турганын айтып чалышкан.

"РЭСтин ыкчам бригадасы кыска аралыкта келип, илинип турган адамды жерге түшүрүшкөн. Ал 1966-жылы туулган Ш.К. аттуу АТСтин телефонисти болгон. Телеком кызматкери телефон линиясын тартуу үчүн мамыга чыгып токко урунган. Ал кызматкер эч кандай коопсуздук эрежелерин сактаган эмес жана Чүй РЭСине маалымат берген эмес. Эгерде РЭСке маалымат берилгенде РЭС тарабынан коопсуздук үчүн электр энергиясы өчүрүлмөк", - деп айтылат билдирүүдө..

Энергетика министрлиги өзүм билемдик менен электр жабдууларында иш алып баруу адам өмүрүнө коркунучтуу экенин эскертет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн