Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:49
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Энергетика министрлиги Кыргызстанда чакан атомдук электр станциясын куруу маселесин карап жатат

20.02.2024 13:30
207
Энергетика министрлиги Кыргызстанда чакан атомдук электр станциясын куруу маселесин карап жатат


КР Энергетика министрлиги «Росатом» компаниясы менен биргеликте Кыргызстанда ар биринин кубаттуулугу 50 мегаватт болгон эки блоктон турган кичи атомдук электр станциясын (КАЭС) куруу маселесин карап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда КР энергетика министринин орун басары Назгүл Үсөнова «Жашыл энергетика. Энергетикалык балансты оптималдаштыруу» деп аталган сессиясынын жүрүшүндө билдирди..


Үсөнованын айтымында, кубаттуулугу аз атомдук электр станциясы азыраак капиталдык чыгымдарды жана курулуштун кыска мөөнөтүн талап кылат.


«Чакан атомдук электр станциясын куруу өлкөнүн алыскы, обочолонгон аймактарында болушу мүмкүн», - деди министрдин орун басары.


Үсөнова ошондой эле АЭСтин иштеши аба ырайынан көз каранды эмес экенин баса белгиледи. Бул электр энергиясына туруктуу тарифти узак убакытка камсыз кылууга жана энергосистеманын базалык жүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн