Аяк оона 10, 2025
Убакыт: 15:22
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.030
1.065

Энергетика министрлиги Кореянын борбордук жылытуу корпорациясы менен кызматташат

10.09.2025 11:50
20
Энергетика министрлиги Кореянын борбордук жылытуу корпорациясы менен кызматташат


Энергетика министрлиги Кореянын борбордук жылытуу корпорациясы менен кызматташат.


Ведомстводон билдиришкендей, энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков Кореянын борбордук жылытуу корпорациясынын (KDHC) директору Чон Ён Ги менен жолугушуу өткөрдү.


Жолугушууда тараптар энергетика тармагында кызматташуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, технология жана тажрыйба алмашуу, кадрларды даярдоо, ошондой эле Корея өкмөтүнүн расмий өнүктүрүү жардамы аркылуу программаларды ишке ашыруу жана инвестиция тартуу маселелерин талкуулашты.


Жыйынтыгында, энергетика тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.


Документтин негизги максаты — туруктуу жана экологиялык жактан таза энергетикалык чечимдерди өнүктүрүү, билим жана адам ресурстары менен алмашууга көмөк көрсөтүү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн