Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:15
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Энергетика министрлиги электр энергиясын үнөмдөөнүн жолдорун эске салды

09.10.2023 09:55
288
Энергетика министрлиги электр энергиясын үнөмдөөнүн жолдорун эске салды


Энергетика министрлиги жарандарды электр энергиясын үнөмдөөгө үндөп, анын жөнөкөй жолдорун эске салды.


"Баарыбыз электр энергиясын үнөмдүү колдонуу үчүн майда, бирок маанилүү иштерди эске тутуп алганыбыз оң", — дешти министрликтен.


- керексиз учурда жарыкты өчүрүңүз;

- жарык берүүчү лампаларды энергия үнөмдөөчү лампаларга алмаштырыңыз. Мындай лампалар көпкө чыдайт жана электр кубатын 10 эсе аз сарптайт;

- электр өткөргүчтөрдү токко сайган бойдон калтырбаңыз, аны сууруп койгон туура;

- А классындагы тиричилик техникаларын колдонуңуз: А+, А++. Алар электр энергиясын үнөмдөө жагынан башкы сапта турат;

- бир эле учурда бир нече электр шаймандарын иштетпеңиз;

- жылытуунун альтернативдик булактарын да пайдаланыңыз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн