Бугу 02, 2024
Убакыт: 06:27
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Энергетика министрлиги электр энергиясына болгон тарифтин долбоорун иштеп чыкты

23.07.2021 13:21
842
Энергетика министрлиги электр энергиясына болгон тарифтин долбоорун иштеп чыкты

Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2021-2025-жылдарга электр энергиясынын жаңы орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын долбоорун иштеп чыкты.


Министрликтин маалыматына ылайык, долбоор коомдук талкууга 2021-жылдын 15-июнунда министрлер кабинетинин расмий сайтына жарыяланган. Долбоордо калкка электр энергиясынын тарифтерин 2021-жылы 1 кВт саат үчүн 77 тыйындан 109,5 тыйынга чейин көтөрүү каралган. Бирок бир катар сунуштар менен кайра каралып чыкты.


2021-жылга карата сунушталган электр энергиясынын тарифтери: Калк үчүн:


1. Тариф 1 кВт саатка 0,77 сом бойдон калат. Айына 700 кВт сааттан ашык керектөө үчүн 2,16 сомду түзөт.


2. Бийик тоолордо жана алыскы аймактарда жашаган тургундар үчүн электр энергиясын колдонуу ченеми белгиленбейт. Турмуш-тиричилик керектөөчүлөрүнүн ушул категориясы үчүн тариф жыл аягына чейин 0,77 сом/кВт саатты түзөт.


Насостук станциялар үчүн: Калкты ичүүчү суу жана айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу менен камсыз кылган, ошондой эле канализация тутумунун муктаждыктары үчүн пайдаланылуучу насостук станциялар үчүн электр энергиясына тарифи 1,09 сом/кВт саат (салыктарды эске албаганда) белгилөө сунушталды.


Электр транспорту, интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана/же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер, ошондой эле диний уюмдар үчүн 1,68 сом/кВт саат тарифти белгилөө сунушталууда (салыктарды эске албаганда).


Өнөр жай, айыл чарба, бюджеттик жана башка керектөөчүлөр үчүн 2,52 сом/кВт саат (салыктарды эсепке албаганда) деп белгилөө сунушталууда. Майнинг субъектилери (криптовалюта), алтын казуучу ишканалар, темирди электротермикалык иштетүү үчүн куюучу жана эритүүчү цехтер жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүчү ишканалар үчүн 5,04 сом/кВт саатты (салыктарды эсепке албаганда) түзөт.


Цемент заводдору үчүн: Цемент продукциясын өндүрүү боюнча өнөр жай ишканалары үчүн электр энергиясынын тарифи 3,28 сом/кВт саатты түзөт (салыктарды эсепке албаганда).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн