Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 04:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Энергетика министрлиги электр энергиясына чектөө киргизилгендигинин себебин түшүндүрдү

07.03.2024 09:09
435
Энергетика министрлиги электр энергиясына чектөө киргизилгендигинин себебин түшүндүрдү


Энергетика министрлиги электр энергиясын керектөөгө кыска мөөнөттүү ашыкча жүктөмдү азайтуу иш-чараларын киргизүү зарылчылыгынын себебин түшүндүрдү. 

2024-жылдын 5-мартынан тартып «Электр станциялары» ААКтын энергетикалык объектилерин - Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин гидроагрегаттарын реконструкциялоо башталгандыгына байланыштуу электр станцияларынын кубаттуулугу 290 МВтга төмөндөйт.

Энергетика тутумундагы мындай кырдаалда электр энергиясын керектөөгө ашыкча жүктөмдү азайтуу иш-чараларын киргизүү зарылчылыгы келип чыкты. Министрлик өзгөчө жүктөмдүн эң жогорку чегинде, эртең менен кечкисин электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат. Бул боюнча калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 

Ашыкча жүктөмдү азайтуу иш-чараларын эң негизги зарылчылыгы калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн, 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине болгон даярдыкты эрте баштоо жана ТГЭС менен УКГЭСтеги эскилиги жеткен гидроагрегаттарды реконструкциялоо болду. Ошону менен бирге ГЭСтердин кубаттуулугун көбөйтүү зарыл. Эгерге энергетика тармагында күз-кыш мезгилине даярдык азыртадан башталбаса, кийинки кыш мезгилине жетишпей калат. Мындан тышкары жыл сайын керектөөчүлөрдүн саны өсүп жатат. Бул кошумча кубаттуулукту талап кылат. 

Кыргыз Республикасында электр энергияны керектөө 2010-жылы 10 млрд 313 млн 8 миң кВт саатты түзгөн, 2023-жылы 16 млрд 558 млн 6 миң кВт саатты түзгөн. Жыл сайын орточо эсеп менен алганда 30 000 жаңы абонент кошулуп турат. 

Токтогул ГЭСте 4 ГА бар, реконструкцияга чейин жалпы кубаттуугу 1200 МВт (ар бири 300 МВт ) түзгөн. ТГЭС 1975 - жылы курулган. ГЭС ишке киргизилгенден бери өзүнүн ГАга реабилитациялоону жүргүзгөн эмес.

«Электр станциялары» ААК 2021-жылдан баштап ТГЭСинде 300 МВтдан 360 МВтка чейин кубаттуулукту жогорулатуу менен гидроагрегаттарды алмаштыруу реконструкциясы жүрүп жатканын маалымдайт. 

Алсак, 2021-жылдын март айында 300 МВт кубаттуулуктагы №4 ГА реконструкцияга берилип, 2022-жылдын декабрь айында ишке киргизилген. Жыйынтыгында 60 МВт кубаттуулук кошулуп № 4 ГА 360 МВт түзгөн. 

Мындан тышкары, 2023-жылы №2 ГАнынреконструкция иштери аткарылып, кубаттуулугу 360 МВТ түзгөн. ТГЭСтин жалпы кубаттуулук 1320 МВт түзгөн. 

Ал эми, “Электр станциялары” ААКтын Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегаты 2024-жылдын 5-мартынан тарта реконструкцияга берди. 2024-жылдагы план боюнча ТГЭСтин №1 ГАнын реконструкциясы бүтүп ишке берилсе, кубаттуулук 60 МВт кошулат. Ошондо ТГЭСтин жалпы кубаттуугу 1380 МВт түзөт.

Мындан тышкары, 2025-жылы ТГЭСтин №3 ГАсы реконструкция болсо жалпы кубаттуулук 1440 МВтты түзөт.

Мындан тышкары, 2024-жылдын 5-мартынан баштап Үч-Коргон ГЭСинин №4 ГАсын реконструкциялоого чыгарылды. Бул ГАга реконструкциядан кийин 20% кошулат.

Үч-Коргон ГЭСин учурда жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзөт. (ар бири 45 МВт болгон 4 блок). Орточо узак мөөнөттүү өндүрүш жылына 820 млн кВт саатты түзөт.. Графикке ылайык, №4 гидроагрегатты реконструкциялоону аяктоо 2024-жылдын 16-ноябрына пландаштырылган. 

УКГЭСтин жалпы 4 ГАсы реконструкциядан отсо жалпы кубаттуугу 216 МВт түзөт, б.а. ар бир ГАнын кубаттуулу 20% ка жогорулайт. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн