Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Энергетика министрлиги кышында электр менен жылытууга тыюу салууну пландоодо

05.09.2023 16:43
335
Энергетика министрлиги кышында электр менен жылытууга тыюу салууну пландоодо


Энергетика министрлиги кышында электр менен жылытууга тыюу салууну пландоодо. Бул тууралуу министрдин орун басары Таалайбек Байгазиев Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.


Ал жылытуу мезгилинде электр жарыгын өчүрүүлөр болбойт деп ишендирди.


«Суунун тартыштыгына байланыштуу электр менен жылытууга толугу менен тыюу салууну көздөп жатабыз. Өчүрүүлөр болбойт. Биз жарыктын үзгүлтүксүз берилишин камсыз кылабыз, жөн гана үнөмдөө режимине өтүңүздөр. Ар бир үйгө керектүү өлчөмдө электр энергиясы берилет. Иш-чаранын башталышында жана аягында электр энергиясын үнөмдөө керек деген жарнактарды радио, телевидение аркылуу көрсөтүп турабыз. Бирок муздаткыч, телевизор, электр плиталары үчүн свет болот», - дейт Таалайбек Байгазиев.


Аткаминер электр энергиясын импорттоо маселеси чечилип жатканын белгиледи. Кыргызстан Орусия менен Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн