Бугу 17, 2024
Убакыт: 04:58
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Энергетика министрлиги кытайлык CNEEC компаниясы менен кызматташат

25.01.2024 16:21
265
Энергетика министрлиги кытайлык CNEEC компаниясы менен кызматташат


Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен кытайлык China National Electric Engineering Co.Ltd. (CNEEC) компаниясы ортосунда энергетика жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Министрликтен билдиришкендей, меморандумга Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен CNEEC компаниясынын вице-президенти Цзин Хуей кол коюшту.

Меморандумдун негизги максаты – Суусасыр-Көкөмерен ГЭСинин каскады менен Кара-Кече жылуулук станциясынын курулуш иштерине багытталган.

Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскады жалпы үч гидроэлектр станциядан турат. Жалпы кубаттуулугу 1305 МВт. Бир жыл ичинде болжолду 3,3 млрд киловат-саат өндүрүлөт.

- Каракөл ГЭС – 33 МВт;
- Көкөмерен ГЭС-1 – 360 МВт;
- Көкөмерен ГЭС-2 – 912 МВт.

Ал эми жалпы 600 МВт кубаттуулугу бар Кара-Кече жылуулук станциясы Нарын облусунун Жумгал районуна курулат.

China National Electric Engineering Co.Ltd. (CNEEC) – компаниясы күн, шамал, гидро станцияларын куруу жаатында жетиштүү тажрыйбага ээ. Компания алгач ишмердүүлүгүн баштаганда 1000 адам эмгектенип, бүгүнкү күндө кызматкердин саны 5000ге жеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн