Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Энергетика министрлиги үч жылга энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизүүнү сунуштады

20.07.2023 15:03
379
Энергетика министрлиги үч жылга энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизүүнү сунуштады


Энергетика министри Таалайбек Ибраев үч жылдык өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, антпесе энергетика тармагындагы тартыштык күчөйт.


"Климаттык шарттарга, Нарын дарыясына суунун аз киришине байланыштуу президенттин жарлыгы менен өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштайм. Быйыл электр энергиясынын таңкыстыгы 3 миллиард киловатт-саатты түзөт. 2026-жылга чейин тартыштык 5-6 миллиардга чейин өсүшү мүмкүн”, - дейт Таалайбек Ибраев.


Анын айтымында, 1-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 12,2 млрд куб метрди түзөт.


Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров министрдин сунушун колдоп, жакынкы үч жылда энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүнү тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн