Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 12:47
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Энергетика министрлигинин өкүлдөрү менен депутаттар Ысык-Көлдө көчмө жыйын өткөрдү

27.06.2023 09:54
260
Энергетика министрлигинин өкүлдөрү менен депутаттар Ысык-Көлдө көчмө жыйын өткөрдү


Жогорку Кеңештин Отун энергетиалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин мүчөлөрү жана энергетика министри Таалайбек Ибраев баштаган министрликтин өкүлдөрү Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөрүштү.

Ведомстводон билдиришкендей, алгач көчмө жыйын Чолпон-Ата шаардык электр тармактарында өтүп, ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү дагы катышты.

Жыйындын жүрүшүндө энергетика тармагындагы бир катар маселелер каралды. Алардын катарында Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу максатында Дүйнөлүк банктан кошумча насыя алуу маселелси талкууланды. Насыянын суммасы 6,9 млн доллар, төлөө мөөнөтү 50 жыл, жеңилдетилген мезгил 10 жыл, пайыздык чени 0%.

Депутаттар Энергетика министрлиги тарабынан сунушталган долбоорду колдоп беришти.

Мындан тышкары, коммитеттин мүчөлөрү Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен коюлуп жаткан акылдуу эсептегичтер, жаңы трансформаторлор, СИП аба чубалгылары тартылган конуштарга барышты.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетика тармагына алынган насыялар, гранттар кайда жумшалып жатат деген суроого жооп катары алынган аба чубалгыларын, трансформатор, акылдуу эсептегичтерди жеринде көрсөтүп, алар тууралуу толук маалымат берди.

Ушул эле күнү депутаттар Балыкчы шаарындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын отун базасы менен таанышты. Быйыл бул базанын аянты 3 гектарга кеңейтилген.

Эл өкүлдөрү буга чейинки чыр жараткан тараза маселесине токтолушту.

Министр Ибраев бул тууралуу депутаттарга маалымат берип жатып, азыркы күндө маселени атайын комиссия текшерип жатканын билдирди.

Ошондой эле эл өкүлдөрү Балыкчы шаарында болгон көчмө жыйында жергиликтүү тургундар менен жолушугуу өткөрүп, алардын көйгөйлүү маселелерин угушту.

Жыйынга энергетика министри катышып, бир топ суроолорго жооп берип, көйгөйлөрдү жакынкы арада чечип берээрин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн