2021-жылы өлкөнүн энергетика тармагына 6,4 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, быйыл бул тармакка 17 млрд сом каралууда.
“2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында энергетика тармагына 6 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Бул өткөн жылдын бир жылдык бөлүнгөн каражатына барабар”, - дейт ал.
Бакетаев мындан сырткары, азык-түлүк коопсуздугуна 8,5 млрд сом каралганын айтып, анын 5,8 млрд сому бөлүнгөнүн кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн