Улуттук энергохолдингдин башчысы Бакыт Сыдыков 22-февралда парламенттин профилдик комитетинин жыйынында өлкөнүн энергетика тармагы оор абалда турганы тууралуу коңгуроо какты. Анын айтымында Бишкек ТЭЦине келтирилген күч мурдагысынан да көбөйдү. Себеби Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн аздыгынан улам электр энергиянын жаралган жетишсиздигин жабуу милдети турган.
Анын айтымында 2020-жылдын күзгү-кышкы мезгилинде Кыргызстан электр энергиясын колдонууда өзүнүн мүмкүн болгон чокусуна чейин чыкты. Анткени жыл сайын жаңы көп кабаттуу үйлөр курулуп, эксплуатацияга берилип жатат. Жаңы ишканалар ишке кирүүдө. Жыл сайын мындай өсүү 4-5%ды түзөт.
Ал эми Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү февраль айынын аяк ченине карата 9,9 млрд кубометр болгон. Анын максималдуу көлөмү 19,5 млрд кубометр болуп саналат. Ал эми жеткиликтүү нормасы (нормалдуу) 17 млрд кубометр. Андан төмөнкү нормада подстанцияларга күч келип, электр жарыгынын өчү-лөрүнө алып келет.
Бакыт Сыдыковдун айтымында, 1-апрелге карата суу сактагычтагы суунун көлөмү 8,5 млрд кубометр божомолунда болот. Эгерде эч кандай чара көрүлбөсө, анда 2022-жылдын 1-апрелинде суунун көлөмү 5,5 млрд кубометр деңгээлине чейин түшүп кетет. Бул деген ГЭСтин иши токтоп калат дегенди каңкуулайт. ГЭС Кыргызстандын 40-50%ын электр энергиясы менен камсыздап келатканын эске алганда, өлкөнүн жарымысы жарыксыз калып калышы мүмкүн делген коркунучту жаратат.
Ачыгын айтканда, энергетика тармагындагы көйгөйдүн жаралганы көп эле жылдар болуп калды. Токтогул ГЭС өнөр-жай ишканасы катары 1975-жылдын 1-январынан тарта иштеп келет. Тилекке каршы, ошондон бери ГЭСке капиталдык оңдоолор жасала элек. Натыйжада суу сактагычтагы суунун көлөмүнүн азайышы бир маселе болсо, ГЭСтин жабдууларынын эскиргени экинчи маселе.
Энергетика тармагындагы жетекчиликтин, кыргыз өкмөтүнүн курамынын тез-тезден алмашууларынын натыйжасында аталган тармактагы көйгөйлөр чечилмек турсун, улам үстү-үстүнө жыйылып отурат. Бүгүнкү күндө деле кыргыз өкмөтүнүн оор абалдагы энергетика тармагын жөнгө салуу жаатында конкреттүү программасы байкалбайт. Жөн гана «суу сактагычта суунун көлөмү азайды», «керектөөчүлөр улам көбөйүп, күч келип жатат» деген маалыматтарды бериүү менен чектелип келишет. Ал эми ал көйгөйлөрдү убактылуу эмес, узак жылдык кылып чечүүнүн үстүндө кандай иштер жасалып жатат, же жасалышы пландалууда? Жооп жок.
Энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу сөз болгондо эле «Кыргызстанда электр энергиясына болгон тариф өтө төмөн, ал өзүн-өзү актабай калып жатат» деп чыгышкан билермандар көп. Анан алар башка өнүккөн өлкөлөрдө электр энергиясынын тарифтери кандай экенин мисалга тартып киришет.
Ал өлкөлөрдө электр энергиясына кымбат баада акы төлөөгө жарандарынын тапкан кирешелери ашыгы менен жооп берет. Ордендин биринчи бетин айткандан кийин, анын экинчи тарабын да кошо айтуу керек эмеспи. Ал эми Кыргызстандын калкынын дээрлик басымдуу бөлүгүнүн тапкан кирешеси электр энергиясына каралган учурдагы тарифти эптеп-септеп көтөрүп турат. Андыктан энергетика тармагын оңдоо үчүн анын тарифин көтөрүү керек деген улам көтөрүлө калуучу «демилгени» пенсия, жөлөк пул, айлык акылар жетиштүү деңгээлге көтөрүлмөйүнчө унутуу керек.
Андан көрө башка альтернативалуу жолдорун табуу талапка ылайык. Балким, чакан жана орто ГЭСтерди курууну өзүбүздүн эле олигархтарга милдет катары жүктөө зарыл. Электр энергиясынын жоготууларын толук токтотуу мүмкүнчүлүгүн кароо керек. Керектөөчү менен контролерлордун ортосундагы «жең ичинен макулдашуулар» дагы деле толук тыйыла элек. Муну да токтотууга толук мүмкүнчүлүк бар. Балким, коррупцияга каршы күрөштөн казынага түшүп жаткан миллиондорду, миллиарддарды чыпчыргасын коротпой, жаңы ГЭСти курууга буруш керек. Айтор, тарифти көтөрүүдөн башка толтура жолдорун тапса болот. Бул учурдагы кыргыз өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүнө байланыштуу болот.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн