Кыргызстанда акыркы убактарда Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү кескин төмөндөп, кооптуу чекке жеткенин, андан улам электр энергиясында каатчылык болоорун алдына ала эскертип жатышат.
Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 8 млрд 775 млн куб суу бар. Былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 3 млрд кубга азайган.
Бирок, айрым көз карандысыз эксперттер расмий маалыматтарга толук ишенүүгө болбой турганын, факты жүзүндө андан да төмөн болушу мүмкүндүгүн айтышат. Анткени, буга чейин ГЭСке агып түшкөн суудан коңшу мамлекеттерге жең ичинен сатылып кетип жатканы тууралуу маалыматтар айтылган.
Ал эми “Улуттук энергохолдинг” суунун көлөмүнүн азайышына эки
себепти жүйө келтирет: биринчиси, Нарында жаан-чачындын көп жаабай калышы
болсо, экинчиси, суроо-талап көбөйгөн. Мисалы, былтыр “Түндүкэлектро” ишканасы аркылуу 30 миң абонент жаңы кошулган. Мындан улам электр энергиясын күнүмдүк колдонууга суроо-талап мурункудан да өскөн.
Бул аз келгенсип, көп жылдан бери эскилиги жеткен отказандар да бул тармактын
кризиске туш болушуна себепчи болууда. Анткени жаратылыш кырсыгына же башка
себептерге байланыштуу авариялык өчүрүүлөр көп катталып жатканын карапайым эл
дагы сезип жатат. Мындан тышкары эскертүү берилип, берилбей пландык өчүрүүлөр болуп
турат. Расмий маалыматтар боюнча, былтыркы жылы 3500дөй авариялык өчүрүүлөр
болгон.
Ошол эле маалда карапайым элдер арасында жана юридикалык жактарда электр тогуна болгон тарифтик саясатка нааразы болгондор көп. Сууга жана башка жаратылыш байлыктарына бай шартында Кыргызстан көз карандысыз электр энергиясын өндүрүүнүн ордуна кошуна Казакстандан импорттолгон энергияны жагып жатканына жана ошондой эле “Камбар-Ата-1” ГЭСин Өзбекстан менен биргелешип иштетүү саясатына нааразы болгондор четтен чыкты. Алардын бири экс-депутат Өмүрбек Текебаев: “Бул улуттук кызыкчылыкты коргоо эмес, тескерисинче, улуттук кызыкчылыкты сатуу, чыккынчылык болот”, - деген пикирин айтты.
Бул маселелердин баары көп жылдан бери топтолук келгендиктен, комплекстүү кароону жана аларды ушул азыр чечүүнү мезгил талап кылып турган чагы.
Президент Садыр Жапаров жалпы энергетикадагы кризистик кырдаалдан чыгуу тапшырмасын берди. Учурда тиешелүү мамлекеттик мекемелер тариф саясатын иштеп чыгып, өз сунуштарын даярдоого белсенип жатышат.
Алардын айтымдарында, көп жылдан бери электрга бир эле баа сакталып келген.
Мисалы, 700 кв/саатка чейин колдонгон эл 77 тыйындан, андан ашкандар 2 сом 16
тыйындан төлөшөт. Ишкерчилик үчүн пайдалангандар 2 сом 24 тыйындан төлөйт. Бирок жыл
өткөн сайын бул тармактагы кызматтар, техникалардын баасы көтөрүлүп жатканын, ошондуктан
тариф саясатында өзгөрүүлөр каралышы мүмкүн экенин айтып, бирок ошол эле маалда
баа десе эле эл арасында терс пикирлер жаралып жатканын белгилеп, дүрбөлөң
түшүүгө негиз жок экенин билдиришти.
Саясий илимдер боюнча эксперт Рита Карасартова “Медиа центр”
мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде президент Садыр
Жапаровдун электр энергиясындагы лимитти алып таштоо тууралуу билдирүүсүн
популисттик кадам деп баалады.
“Анткени, баарына бирдей 77 тыйындан болуш керек болсо, бул тармакка чет жактан салынган кредиттерди актабай калат. Себеби ал акчаларды кайра кайтарып бериш керек да. Ал эми 2 сом 16 тыйын болсо карапайым элдин нааразычылыгын туудурат. Ошондуктан баада бир аз өзгөрүү болуш керек. Лимитти алып таштоо боюнча президенттин кадамы калп эле популисттик болуп калды. Насыя алуу менен “Датка-Кемин” жана башка долбоорлор аркылуу электр линияларды, мамыларды тартып, жаркырап отурсак жакшы, анан акчасын төлөп берүүгө келгенде маңыроо болуп отуруп калсак болмок беле? Алган акчаны кантип кайтарып берсек болот? Өзүн өзүн акташ үчүн кандай туура кадамга барсак толот, ошону ойлонуп, бааны көтөрүүнү караштыруу маанилүү”, - дейт эксперт.
Анын пикиринде, энергетикалык саясатты жөнгө салуу үчүн атайын изилдөөлөр жана эсептөөлөр керек. Ал үчүн ушул тармакты мыкты билген адистер менен сөзсүз кеңешип, алардын сунуштарын угуу зарыл. “Мисалы, Эрнис Карыбековго окшогон энергетиктердин негиздерин угуп, ошого жараша реалдуу кадамдарга баруу шарт деп ойлойм”, - деп кошумчалайт Рита Карасартова.
Эмнеси болсо жалпы улуттун кызыкчылыгы, элдин жыргалчы үчүн түзүлгөн келишимдер
жана энергетикалык система болушун эл күтөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн