Бугу 19, 2024
Убакыт: 16:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Энелер ак батасын берип. Камчыбек Ташиев Баатыр энелерди куттуктады (фото)

08.03.2022 19:28
1189
Энелер ак батасын берип. Камчыбек Ташиев Баатыр энелерди куттуктады (фото)



Бүгүн, 8-март күнү, Камчыбек Ташиев тарабынан дээрлик 30 жылдан бери салтка айланган "Баатыр Энелерди сыйлоо" аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов билдирди.


Жалал-Абад шаарында уюштурулган майрамдык иш-чарага миңден ашык Баатыр энелер катышып, сыйланды. 


"Урматтуу Баатыр энелерим, сиздерди биз ар джайым башыбызга бийик көтөрүп сыйлоого милдеттүүбүз. Дээрлик 30 жылдан бери Сиздерди 8-март күнү бир аз болсо да маанайыңыздарды көтөрүп, ак батааңыздарды алууга аракет кылып келдим. Эми бул саамалыкты келээрки жылдан баштап менин уулдарым улантат. Балдарым дагы энелерди сыйлаганды, апаларга урмат сый көрсөткөндү үйрөндү деп ойлоймун. Балдарымдын балдары дагы күнү келгенде бул салтты улантып кетсин. Түбөлүктүү болуп, Баатыр Энелерди сыйлоо салты улансын. Ак батаңыздарды бериңиздер..." - деди Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып.


Майрамдык иш-чара дүйнөдөн көзү өткөн жалпы энелерге, Баатыр Энелерге Куран окуу менен менен башталды.

Салтанатка белгилүү өнөр адамдары да катышып, апаларга ыр белектерин тартуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн