2-июнда Өзгөчө Кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районун кыдырды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Май айынын акыркы күндөрү катуу жааган жаандан жана кар калың жаагандыктан Каракол-Эңилчек унаа жолунун 82 жана 76-чакырымында ар жеринен кар көчкүлөр түшкөн. Жалпы көлөмү 80000м3 кар көчкүнү тазалоодон кийин ачылып, улам жааган кардан жолдор жабылып, чабандарга түйшүк жаратып жана мал жандыктарды кармоо кыйынчылык жараткан.
ӨК министринин орун басары Э.Кулматовдун координациялоо иштеринин астында Ак-Суу районун Сары-Жаз жайлоосун Сырт өрөөнүн, Эңилчек айылдагы жана Чоң-Ашуу ашуусундагы чабандарга 1000 түк чөп жеткирилди.
Министрликтен 2 Хово унаасына (400 түк чөп), Чек-ара кызматынын 2 Камаз унаасына (400 түк чөп) жана жеке менчик 4 Спринтер унааларына (200 түк чөп) менен жеткирилди.
Учурда Эңилчек-Кайынды жолун тазалоо иштерине ӨКМден 2 бирдик жүктөгүч тартылып, 3-июнь күнү башталат.
Жалпы Ак-Суу районуна 1000 түк чөп жеткирилип, тоют жеткирүүгө жана унаа жолдорду таштардан тазалоо иштерине 12 оор техника тартылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн