Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курч болуп жаткан аймактардын бири Нарын шаары. Учурда бул жерде илдеттин жайылуусун алдын алуу боюнча аракеттер көрүлүп, санитардык эрежелердин, аралыктын сакталышын камсыздоо боюнча иш аракеттер көрүлүп жатат.
Ошондой эле
базарларда, коомдук жайларда талаптардын аткарылышы көзөмөлгө алынып жатканын
Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Белгилей кетсек, облус боюнча бүгүн, 8-июнга карата 398 учур катталса, анын 247си Нарын шаарында аныкталган.
Сүрөттөр ШИИБ басма сөз кызматынан алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн