Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Өлкөдөгү абалды эске алуу менен бюджетте жетиштүү каражат барбы? Министрдин жообу

23.06.2020 11:59
1059
Өлкөдөгү абалды эске алуу менен бюджетте жетиштүү каражат барбы? Министрдин жообу


Жакында эле биз тараптан чукул бюджет кабыл алынды, деди финансы министри Бактыгүл Жеенбаева 23-июндагы онлайн брифингде.  


Министр "Кыргызстанда эпидемиологиялык абалды эске алуу менен бюджетте жетиштүү каражат барбы?" деген суроого жооп берип жатып: "Биз мүмкүн болгон бардык тобокелдиктерди максималдуу түрдө эске алууга аракеттендик. Өзүңүздөр билгендей, COVID-19 менен күрөшүү үчүн жетиштүү өлчөмдө каражат тартылган, ошол эле учурда, бардык саламаттыкты сактоо линиясы боюнча төлөмдөр эске алынган. Эгерде кырдаал курчуп кетсе, анда биз тиешелүү чараларды көрөбүз", - деди. 


Ошондой эле министрдин айтымында, дефицит Мамлекеттик салык кызматы тарабынан  - 5,5 млрд сомду жана Бажы кызматы тарабынан - 7,7 млрд сомду түздү. Бул 5 айдын ичинде жалпы алганда 13,3 млрд сомго жакын каражат. 


"Экономикалык ишмердүүлүк кайра жанданып, чек аралар ачылганда бардык жетишпестиктерди толуктайбыз деп ишенебиз", - деп белгиледи Б.Жеенбаева. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн