Түндүк Кореяда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабаган жарандар өлүм жазасына тартылат. Бул тууралуу Түштүк Кореянын депутаттары маалымдаган.
Түндүк Кореянын бажы кызматында иштеген жаран эпидемиологиялык тартипти сактабаган үчүн өлүм жазасына тартылган. Маалыматка ылайык, кызматкер чектөөлөргө карабастан Кытайдан товар алып өткөн. Түндүк Корея жараны 8-ноябрда өлүм жазасына тартылган.
Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын коронавирус инфекциясына байланыштуу чектөөлөрдү мурдагыдан да катуулаштырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн