Бугу 15, 2024
Убакыт: 00:21
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Эпидемия казак элитасын капааттап жатат

18.06.2020 19:22
801
Эпидемия казак элитасын капааттап жатат


Казакстандын Биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге вирус жуккандыгы маалым болду. Бүгүн, 18-июнда анын ахыбалынан Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабар алып, тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.


Назарбаев Казакстанда вируска кабылган жалгыз элита өкүлү эмес. 14-июнда саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов вирус жуктуруп алгандыгын өзү кабарлаган. Мына эми өлкөнүн вице-премьер-министри Ералы Тугжанов да коронавирус менен ооруп калгандыгын Фейсбук аркылуу маалымдады. Айтымында, андан вирустун симптому жок формасы аныкталган. Вирус өлкө Президенти Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уалиге да жабышкандыгын билебиз.


Учурда вирустун кесепетинен премьер-министр Аскар Мамин, айыл чарба министри Сапархан Омаров, билим берүү жана илим министри АсхатАймагамбетов, экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Магзум Мирзагалиев, финансы министри Ерулан Жамаубаев, коргоо министри Нурлан Ермекбаев жана Мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин өзүлөрүн окчун кармоого мажбур болушууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн