Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:19
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Эпидемиялык мезгилге карата сасык тумоого каршы вакциналар сатылып алынууда

20.08.2020 10:06
982
Эпидемиялык мезгилге карата сасык тумоого каршы вакциналар сатылып алынууда


COVID-19 илдети менен катар башка вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун жайылышынын алдын алуу максатында, Саламаттык сактоо министрлиги тобокелдик тобун аныктап, пневмококк жана сасык тумоого каршы вакциналарга муктаждыкты эсептеп чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, сасык тумоонун көбөйүшү, адатта, суук түшкөн мезгилде башталып март айына чейин созулат. Буга сасык тумоо вирусунун төмөн температурага туруктуулугу жана гипотермия учурунда адам организминин коргонуу деңгээлинин төмөндөшү шарт түзөт.


Алдыдагы 2020-2021-жылдардагы эпидемиялык мезгилинде сасык тумоонун этиологиялык түзүлүшүн жана жаңы түрлөрүн аныктоо, ошондой эле башка курч респиратордук вирустук инфекцияларга диагноз коюу үчүн реагенттерди жана тест системаларын сатып алууга өтүнмө берилген (1000 изилдөө үчүн).


Алдыдагы эпидемиялык мезгилге (күз-кыш) даярдануу максатында тендер өткөрүлүп, тумоого каршы 135 миңден ашуун вакцинаны жеткирүү боюнча келишим түзүлдү жана тобокел тобундагылар үчүн дагы 700 миң дозада гриппке каршы эмдөө каражаттарын сатып алууга кошумча өтүнмө даярдалды.


Сасык тумоого каршы эмдөө сентябрь айынын аягында, вакцинанын жеткирилишине жараша башталат. Биринчи кезекте, эмдөө тобокел тобундагыларга жасалат (медициналык кызматкерлер, өпкөнүн, жүрөктүн, боордун, бөйрөктүн өнөкөт оорулары бар адамдар, тез-тез ооруган балдар, балдар үйлөрүнүн жана мектеп-интернаттардын тарбиялануучулары, , кош бойлуу аялдар, диабет менен ооруган адамдар, 65 жаштан ашкан адамдар жана башкаларга жасалат). 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн