Бугу 19, 2024
Убакыт: 16:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эпидемиянын курчуган мезгилинен 3 жуманын ичинде чыга алдык, - Боронов

08.09.2020 14:24
1223
Эпидемиянын курчуган мезгилинен 3 жуманын ичинде чыга алдык, - Боронов


Кыргызстанда эпидемиянын курчуган мезгилинен аз убакытта, тактап айтканда 3 жуманын ичинде чыгып кете алдык. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 8-сентябрдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, 19-мартта Кыргызстанда алгачкы 3 адамдан вирус чыккан кезде, дүйнөдө 169 мамлекетте вирус катталган болчу. Демек, аягына чейин вирусту өлкөгө киргизбегенге мүмкүн болушунча аракет жасалды.


"Январь айынан бери президентибиз башында туруп, өкмөт эпидемиологиялык жана экономикалык абалды – туруктуу кармап туруунун үстүндө колубуздан келишинче аракет жасадык. 


Кээ бир мамлекеттерде вирус катталгандан кийин 15 күндүн ичинде эле жогорку пикке чыга түшкөнүн көрдүк. Кыргызстанда бул учур июнь айынын аягы – июлдун башында жетти. Демек, ага чейин, катуу кыйналганыбызга карабастан, өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал сыяктуу карантиндик режимди киргизүү менен оорунун тез жайылышына жол берилген жок, - деп белгиледи премьер-министр. 


Ал белгилегендей, оорунун курч мүнөздө өтүшү ар бир өлкөдө ар түрдүү созулган. 


"Кытайда пандемиянын күчөгөн учуру январь, февраль, март, апрель айларына туш келди, же 85 күнгө чейин созулган.  Европада март, апрель, май айларына – 100 күнгө чейин созулду.  Америкада вирус апрель айынан бери басылбай жатат. Оорунун жогорку чеги деген мезгил Америка Кошмо Штаттарында 5 айга созулганын көрүп жатабыз.


Кыргызстандын өкмөтү – президентибиз, коомчулук менен биргеликте ыкчам кескин чараларды кабыл алып, эпидемиянын курчуган мезгилинен аз убакытта, тактап айтканда 3 жуманын ичинде чыгып кете алдык", - деди ал. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн