Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Эрбол Султанбаев депутаттарды эл аралык мамилелерге байланыштуу маселелерде абайлап сүйлөөгө чакырды

11.05.2022 16:30
1118
Эрбол Султанбаев  депутаттарды эл аралык мамилелерге байланыштуу маселелерде абайлап сүйлөөгө чакырды

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады.


Султанбаев эл  аралык мамилелерге байланыштуу маселелерде депутаттарды абайлап сүйлөөгө чакырды.


"Урматтуу депутаттар! 


Коңшу мамлекеттерге жана эл аралык мамилелер боюнча сын-пикир айтаарда этият болсонуздар, сураныч! 

Депутат - бул саясий кызмат. Ар бир айткан сөзүңүздөргө эл аралык майданда маани берилет жана ага карата реакция да болушу мүмкүн. 


Кудайга шугур, бүгүнкү күндө бардык мамлекеттер, анын ичинде коңшулар менен дагы жакшынакай кызматташып келүүдөбүз. Албетте, айрым жагдайлар бар, бирок негизинен жаман эмес. Бардык көйгөйлөрдү эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алып, сүйлөшүү жолу менен чечип жатабыз",- деди президенттин маалымат катчысы.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн