Аяк оона 11, 2025
Убакыт: 16:48
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.015
1.050

Эрбол Султанбаев Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков менен жолугушту

05.09.2024 11:28
363
Эрбол Султанбаев Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков менен жолугушту


Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков менен жолугушту.

Элчиликтен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-беларусь эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери, анын ичинде биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана эки тараптуу документтерге кол коюуга даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл Кыргызстандын Беларуста жакынкы келечекте пландаштырылган маданият күндөрүн өткөрүү, эки өлкөнүн аймактар ​​аралык кызматташуусун өнүктүрүү маселелерине бурулду.

Тараптар эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө өз ара кызматташуусунун оң динамикасын ырасташты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн