Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийди элдештирүүгө камынууда. Бул тууралуу түрк президентинин өкүлү билдирди.
Анын айтымында, жакынкы күндөрү Эрдоган Украинага иш сапары менен барат. Иш сапардын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулайт.
Ошондой эле Эрдоган Украина менен Россиянын мамилесин жакшыртуу үчүн Путин менен Зеленскийди Түркияга чакырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн