Бугу 02, 2024
Убакыт: 21:13
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Эрдоган беткаптарды сатууга тыюу салды

07.04.2020 09:26
1142
Эрдоган беткаптарды сатууга тыюу салды

 

Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган медициналык беткаптарды сатууга тыюу салып, бекер таратуу керектигин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, мындай кадамдарга коронавирус илдетинин жайылуусун токтотуу максатында барып жатканы айтылды. Түркиялыктар беткаптарды алуу үчүн малекеттик "е-девлет" порталына же болбосо РТТ почтасынын сайтына катталышат.


Ал эми, 2,3 миллион үй-бүлөгө COVID-19 пандемиясы учурунда жардам көрсөтүлүп жатканы айтылат.


Учурда Түркияда 27 миңден ашык адам инфекцияны жуктуруп алса, миңден ашууну оорудан айыгып, 600гө жакыны каза болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн