Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 04:02
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Эрдоган кол кармашып учурашуудан баш тартты

11.03.2020 17:03
955
Эрдоган кол кармашып учурашуудан баш тартты


Түркиянын президентти Реджеп Тайип Эрдоган коронавирус илдетине байланыштуу кол кармашып учурашуудан баш тартып, аралыктан гана алик аларын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.


“Түркия коронавирус илдетинен каза болтурбай алдын алат деп ишенем. Эч кандай вирус биздин чараларыбызды жеңе албайт. Бирок биз убактылуу кол алып жана кучакташып учурашуудан баш тартып, аралыктан гана бири-бирибизге салам берип турабыз. Мындай чараны азыр бизде эле эмес чет жактарда да колдонууда”, - деди Эрдоган парламентте сүйлөп жатып.


Буга чейин Түркиянын Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожо коронавирус илдети өлкөдө алгачкы ирет катталганын айткан болчу. Дартка чалдыккан жаран эркек киши жана ал жакында эле Европадан кайтып келгенин кабарлаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн