Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 16:52
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Эрдоган жана Кылычдароглу. Түркияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтөт

15.05.2023 19:24
1540
Эрдоган жана Кылычдароглу. Түркияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтөт

Бүгүн, 15-майда Түркияда Жогорку шайлоо комитети өлкөдө 28-майда президенттик шайлоонун экинчи туру өтөрүн расмий түрдө жарыялады.


Маалым болгондой, Түркияда өткөн шайлоодо шайлоочулардын 88 пайыздан ашыгы катышып рекорд койгон.


Жогорку шайлоо комитети президенттикке талапкерлердин бири да 50 пайыздан жогору добуш ала албай калгандыгы үчүн экинчи турду жарыялады.

Добуштар эсептелгенден кийин учурдагы президент Режеп Тайип Эрдоган 49,5 пайыз добуш топтогон. Ал эми анын башкы атаандашы оппозициячыл Кемал Кылычдароглу 45 пайыз добуш алган.


Президенттик шайлоонун экинчи турунда Режеп Тайип Эрдоган менен Кемал Кылычдароглу ат салышмакчы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн