Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эрдогандын дарыгери учакта жүрөгү кармаган баланы куткарып калды

20.03.2021 21:47
919
Эрдогандын дарыгери учакта жүрөгү кармаган баланы куткарып калды

Turkish Airlines авиакомпаниясынын Бишкек-Стамбул багыты боюнча учкан учакта жүрөгү кармаган наристени аман алып калышты. Бул тууралуу "Anadolu" агенттиги жазды.


Бөбөктү сактап калган Түркиянын Улуттук Улуу Жыйынынын (Парламент) депутаты, доктор Режеп Шекер аттуу адам болгон. Ал Президент Режеп Тайип Эрдогандын жеке дарыгери.

Анын айтымында, Анкарага жарым сааттай калганда бортто дарыгер бар экендигин билген стюардессалар баланы көтөрүп келишкен.


"Баланы карасам кубарып кетиптир. Дем албай, жүрөгү токтоп калыптыр. Жасалма дем алдырып, жүрөгүнө массаж жасаган соң өзүнө келди", — деген ал.


Дарыгердин өтүнүчү менен учак Анкаранын Эсенбога аба майданына конуп, баланы ооруканага алып кетишкен. Ал арада ымыркайдын абалы кадимкидей жакшырып калган. Учак кайрадан жолун уланткан.


"Anadolu" агенттигинин маалыматы боюнча балдардын энеси Казакстан жараны болгон.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн