Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 18:03
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Эрегишкен душман менен бир дасторкондо отуруп калуу - ал душмандыктын бүтүшүн, мурдагы касташуулар кечирилип сууга салынышын түшүндүрбөйт

21.02.2023 15:12
8061
Эрегишкен душман менен бир дасторкондо отуруп калуу - ал душмандыктын бүтүшүн, мурдагы касташуулар кечирилип сууга салынышын түшүндүрбөйт


Туугандар, негизи эле илгертеден келе жаткан нарк боюнча  үчүнчү тараптын чакыруусу менен  эрегишкен душман менен бир дасторкондо отуруп калуу - бул ал душмандыктын бүтүшүн, мурдагы касташуулар кечирилип сууга салынышын түшүндүрбөйт. Канчалык сөөк өчтү душман болсоң дагы чакырган адамдын кадыры үчүн сыпайы отуруп даам татуу,  бата кылып сынды бузбай тарап кетүү эзелтеден болуп келген эле иш. Ошондуктан  "эмнеге бир дасторкондо отурушат" деп ал алтоону уртокмокко алуу натуура болуп калат. 


Угушубузча ар бири Президент Жапаровдун президенттик кадырын сыйлап барышыптыр, өлкөдөгү ынтымак-ырашкерликти бекемдөө боюнча сөзүн угушуптур, бул пикирди колдошуптур, балким дасторкон үстүндө бир аз өйдө-төмөн кер-мур сөздөр айтылгандыр, бирок катуу кетишпей эле тарашыптыр... Бири-бирин кечирүү, элдешүү жөнүндө кеп болбоптур.  Бакиевдин кайра келип тайраңдап "танцага" түшүүсү жөнүндө деле сөз болгон эмес окшойт, аны бүгүн Президент өзү айтпадыбы "соттун өкүмү бар, келсе түрмөгө отурат" деп. 


Албетте бул жолугушуу кандай максатта уюшулгандыгы, ал максаттар ишке аштыбы же жокпу азырынча биз билбейбиз, жарыя болуп жаткан тартыш маалыматтардын негизинде кандайдыр бир деңгээлде толук тыянак чыгаруу дагы мүмкун эмес. Бирок мындан ары мурдагылардын ортосундагы каршылыктар жоюлуп, өз ара жөөлөшүүлөр, айрыкча алардын жактоочу-күйөрмандарынын ортосундагы кайым айтыштар токтоп калат деп айтууга эч кандай негиз жок, андай болуп кетиши дагы мүмкүн эмес.  


Ал эми мурдагылардын элдешүүсү же чайлашуусу өлкөнүн келечеги үчүн биримдиктин, коомдогу бир башкы максатты көздөгөн ынтымактын жана саясий туруктуулуктун башкы өбөлгөсү  боло албайт,  муну айтпаса деле ар ким түшүнүп турат. 


Эл ичиндеги биримдикти, коомдук консолидацияны  өлкөдө адилеттикти орнотуу менен, бийликтин иш-аракеттеринин ачыктыгын, жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин толук камсыз кылуу менен, мыйзамдарды так аткаруу менен гана ишке ашырууга мүмкүн. Бул айныгыс чындык.


Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн