Бугу 04, 2024
Убакыт: 13:59
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Еревандагы жарылуу: Каза болгондордун саны 15ке жетти, 18 адам дайынсыз

16.08.2022 08:52
782
Еревандагы жарылуу: Каза болгондордун саны 15ке жетти, 18 адам дайынсыз

Армениянын борбору Ереван шаарындагы "Сурмалу" соода борборунда болгон жарылуудан каза болгон адамдардын саны 15ке жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып билдирди.


Маалым болгондой, соода борбордун урандысын издөө учурунда адамдардын денеси табылган. Издөө иштерине жергиликтүү тургундар дагы тартылган.

Жалпы 60 адам жаракат алган болсо, дагы 18 адам дайынсыз болууда.


Өлкө жетекчилиги кырсыкка байланыштуу аза күтүү күнүн белгилей турганын жарыялады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн