14-августта Армениянын борбору Ереван шаарындагы "Сурмалу" соода борборунда эки жолу ири жарылуу болду.
Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, жарылуудан 50дөн ашык адам жаракат алган. Эки адам каза тапкан. Күйүп калган бир адамдын өздүгү такталган эмес.
Дагы 16 адам дайынсыз болуп жатканын Армениянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирген. Аларды издөөгө жай тургундар да тартылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн