Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эркек лидерлерге караганда аялдар башкарган өлкөлөр пандемияны ооздуктай алышты

24.07.2020 16:11
1525
Эркек лидерлерге караганда аялдар башкарган өлкөлөр пандемияны ооздуктай алышты


Аялдар башкарган өлкөлөрдө коронавирустан өлгөн адамдардын саны эркектер башкарган өлкөлөргө салыштырмалуу 4,4 эсеге аз болгон. Бул тууралуу Ouest-France басылмасы окумуштуулар жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгына шилтеме берүү менен билдирди. 


Адистер мындай феноменди коронавирустун жайылышынын алгачкы этабында аял жетекчилердин тезирек реакция кылышы менен түшүндүрүштү. Дублинде жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы 15-июлда Research Gate сайтында жарыяланган. Анда аялдар башкарган 10 өлкө жана эркектер жетектеген 25 өлкөдөгү пандемия учурундагы кырдаал талдоого алынган. 


Эгерде 2019-жылдын 31-декабрынан 2020-жылдын июнуна чейинки убакытты карай турган болсок, анда адамдардын өлүмү боюнча көрсөткүч эркектер башкарган өлкөлөрдө орточо эсеп менен миллион адамдын ичинен 21 өлүм болсо, аялдар башкарган өлкөлөрдө миллион адамдын ичинен 4,8 өлүм учурун түзгөн. Тактап айтканда айырма 4,4 эсе аз экендигин көрсөткөн. 


Ошондой эле, изилдөөдө көрсөтүлгөндөй, аялдар башкарган өлкөлөрдө оорунун жайылышын ооздуктоо иштери эффективдүү жүргүзүлгөндүгү белгиленген. 


Басылманын маалыматына караганда, мындай изилдөөгө Жаңы Зеландиянын генерал-губернатору Пэтси Редди жана премьер-министри Жасинда Ардерн, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Исландиянын премьер-министри Катрина Якобсдоттир, Финляндиянын эң жаш жетекчиси, премьер-министр Санна Марин, Норвегия менен Даниянын премьер-министрлери Эрна Сульберг жана Метте Фредериксендин иштери  мисал боло алган. Ал эми коронавирустан адамдын өлүмү көп катталган АКШ, Улуу Британия жана Бразилия сыяктуу мамлекеттерди эркектер башкарып келет. 


Изилдөөчүлөр мындай айырма жетекчи аялдардын эпидемия менен күрөшүүдө тез кеңешип, бат чечим кабыл алганында экенин айтышкан. 


"Ал эми эркектер башкарган өлкөлөрдө вирустун алдын алуу иштери кечеңдеп, кризиске кечирек реакция кылынган", - дейт изилдөөнүн авторлорунун бири Лука Коссайм.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн