Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:50
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Эркин Асрандиев Казакстан аны эмне үчүн айыптап жатканын так түшүндүрүшү керек, - Мирлан Бакиров

11.06.2020 11:15
1148
Эркин Асрандиев Казакстан аны эмне үчүн айыптап жатканын так түшүндүрүшү керек, - Мирлан Бакиров


Казакстан тарап Эркин Асрандиевди вице-премьер-министр катары келишимдин кээ бир пунктарын аткарган жок деп айтып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрага орун басары Мирлан Бакиров бүгүн, 11-июнда парламент жыйынында билдирди.


Ал белгилегендей, Кыргызстанда мөмө-жемиштер бышып баштады, коңшу өлкөлөр менен жашыл коридор түзүп, тез бузулуучу продукцияларды тоскоолдуксуз өткөрүү боюнча тапшырмалар берилген.


Өкмөт анализдеп көрсөңүздөр, казак тарап бизге эмне дооматтарын коюп жатат? Казакстандын киреше комитетинин аныктоосу боюнча, жүк ташуучулар жасалма документтер менен чыгып жатыптыр. Ошондой эле белгисиз адамдарга катталган товарлар болуп жатат, муну менен көмүскө экономиканын пайда болушуна шарт түзүлүп жатат, деп жатышат. ЕАЭБдин бюджетине да таасирин тийгизип жатканын белгилешти”, – деди Бакиров.


Анын айтымында, мындан улам Казакстан тарап Эркин Асрандиевди вице-премьер-министр катары келишимдин кээ бир пунктарын аткарган жок деп айыптады. “Мындай ой пикирди депутаттар, коомчулук да айтышы мүмкүн. Ал өкмөт башчынын орун басары катары коомчулукка кайсы келишимдин кайсы пункттары аткарылбай жатканын так түшүндүрүп айтышы керек. Мындай маселелерди болтурбоо, кыйынчылыктардын орун алышына жол бербөө үчүн башка дагы жолдорун иликтеп чыгуу керек”, - деп кошумчалады депутат.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн