Бугу 20, 2024
Убакыт: 17:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Эркин Асрандиев: "Өлкөдө азык-түлүк жетиштүү"

18.03.2020 15:50
912
Эркин Асрандиев: "Өлкөдө азык-түлүк жетиштүү"

 

Жарандардан дүрбөлөң түшпөөнү өтүнөбүз, өлкөдө азык-түлүк жетиштүү. Мындай өтүнүчү менен Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бүгүн, 18-мартта кайрылуу жасады.


Анын айтуусуна караганда социалдык жактан маанилүү товарлар, анын ичинде тамак-аш продуктулары өлкөдө жетиштүү.


“Өкмөт бардык ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөр менен биргеликте облустарда жана райондордо продуктулардын запасына жана бааларына күн сайын мониторинг жүргүзүп жатат. Бүгүн расмий түрдө үч жараныбыздын инфекцияны жуктурганы аныкталгандан кийин биз ири ташуучулар жана ун азыктарынын негизги өндүрүүчүлөрү менен дагы бир ирет сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Алар кампаларда запас жетиштүү экендигин ырасташты”, - деди Эркин Асрандиев.


Мындан сырткары, вице-премьер-министр региондордо кырдаал жалпысынан туруктуу экенин, алып сатарлык жол менен бааларды негизсиз көтөрүү фактылары катталбаганын кошумчалады.


"Болгону, илдетке чалдыккандар Сузак районунун жашоочулары экендиги жарыяланган соң, Жалал-Абад шаарынын базарында тынчсыздануу байкалууда. Адамдар ун сатып алып жатканы маалымдалды. Учурда Жалал-Абад шаарынын мэри баштаган жергиликтүү бийлик органдары калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Муну менен бирге ташуучулар менен Жалал-Абад облусунун базарларына ун жана негизги продуктуларды ташуу зарылдыгы тууралуу байланыштык. Зарылдыгына жараша биз Мамлекеттик резервди тартабыз", - деп белгиледи ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн