Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 14:33
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Эркин Мамбеталиевдин 5,7 млн долларлык мүлкү мамлекетке алынды

25.09.2024 17:19
191
Эркин Мамбеталиевдин 5,7 млн долларлык мүлкү мамлекетке алынды


Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Эркин Мамбеталиевдин 5 млн 716 миң 307 долларды түзгөн мүлкү мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК Ысык-Көл облусу боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Э.Мамбеталиевдин кылмыш жолу менен тапкан төмөнкү мүлктөрүн мамлекеттин балансына өткөрүп берди: Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында жайгашкан "Эдельвейс" эс алуу борбору, Бишкек шаарындагы 3 жана 2 бөлмөлүү батир, "Lexus LX 570" жана "Dodge RAM" маркасындагы эки унаа, 3 3 гидроцикл, 3 квадроцикл жана улуттук кийизден жасалган боз үй.

Жогоруда аталган мүлктөр 5 млн 716 миң 307 долларды, же 489 млн 886 миң сомго бааланды.

Учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн мыйзамсыз алынган мүлктөрдү аныктоо иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн