Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:59
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Эркин Салымбеков кармалган иш боюнча Айыл чарба министрлигинин кызматкери кармалды

20.10.2021 15:34
535
Эркин Салымбеков кармалган иш боюнча Айыл чарба министрлигинин кызматкери кармалды

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин өсүмдүктөрдү коргоо жана карантиндөө бөлүмүнүн башчысы Ж.Н.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.


Буга чейин УКМК тарабынан мамлекеттин айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуунун жол-жоболоруна анализ жүргүзүлүп, натыйжада айыл чарба азыктарын экспорттоодо жасалма тоскоолдук жараткан топ аныкталган.


"Мындай аракеттердин жыйынтыгында өндүрүүчүлөр ЕАЭБ өлкөлөрүнө азыктардын үзгүлтүксүз өтүшү үчүн кызмат адамдарына жана логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болушкан. Тергөөнүн алкагында кылмышка тиешеси бар делип Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин өсүмдүктөрдү коргоо жана карантиндөө бөлүмүнүн башчысы кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.


УКМК бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ишин улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн